Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Кыз ала качууга каршы акция өтөт


Ысык-Көл облусунда кыздарды зордоп ала качуу көйгөйүнө коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында “Ачылбаган гүлдөр” деген акция өтөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” "Мыйзам демилге" аялдарынын альянсынын жетекчиси Банур Абдиева билдирди. Анын айтымында, аталган облуста Венера Касымалиева жана Нурзат Калыкова деген эки кыз ала качуудан кийин өз жанын өздөрү кыйган.

18-майда өтө турган иш-чарада курман болгон кыздар эскерилип, коомчулукка кайрылуу каты жолдонот. “Биз эркиндикти сүйгөн кыргыз элинин салты болбогон ала качуу кылмышына каршылык билдиребиз”, - деп айтылат кайрылуу катта. (КЕ)

XS
SM
MD
LG