Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Башкы прокуратура Индонезияда кармалган Сакеевага жардам көрсөтөт


Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы Талант Конокбаевдин “Азаттыкка” тастыкташынча, Индонезияда маң зат менен кармалган кыргызстандык Жибек Сакеевага укуктук жана юридикалык жактан жардам берүү аракети көрүлүүдө. Маалыматка ылайык, Башкы прокуратуранын эл аралык-укуктук бөлүмүнүн башчысы Сакееванын котормочусу менен байланышып, жардам көрсөтүү маселелери сүйлөшүлгөн. Түштүк Африка өлкөсүнүн жараны, Сакеевага маң зат салынган сумкасын берген Окалии Палийнус Набуйкенин процессуалдык документтери электрондук байланыш аркылуу прокуратурага жөнөтүлгөн. Учурда издөөдө жүргөн Африка жаранынын кылмыш иши Кыргызстандын баңгизатты көзөмөлдөө кызматы тарабынан иликтенүүдө. Мындан сырткары Тышкы иштер министрлигине жана Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине Сакеевага мүмкүн болгон жардамды көрсөтүү боюнча кат жөнөтүлдү.

Өткөн жылдын октябрь айында Индонезияда маңзат менен колго түшүп, азыр бөтөн жерде камакта сурак берип жаткан Сакееванын тагдырын “Азаттык” биринчи жазып чыккан. Сакеева сумкада маңзат болгонун билбегенин айтууда.

Акыйкатчы Турсунбек Акундун билдиришинче, мамлекеттик айыптоочу Сакееваны 15 жылга эркинен ажыратууну сурап жатат, ал эми жактоочулар 5 жылга кесүүнү өтүнүшүүдө. ТИМ аны Кыргызстанга кайтарууга аракет кылаарын билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG