Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:24

Кадыржан Батыровдун соту 19-майга жылдырылды


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бакытбек Рысалиевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, бүгүнкү күнгө белгиленген соттук отурумга тараптар келбей калганына байланыштуу сот 19-майга жылдырылды.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, облустагы өзбек улуттук-маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыровдун ишин бүгүн Жалал-Абад шаардык соту карамак. Шаардык соттун төрагасы Кадыралы Жапакбаев Батыров издөөдө болгондуктан сыртынан соттолуп, өкүм чыгарыла турганын “Азаттыкка” айткан. Маалыматка ылайык, буга чейин да соттук териштирүү жактоочулар да, жабырлануучулар да келбей койгондуктан бүгүнкү күнгө жылган.

Башкы прокуратура тергеп-иликтөөнүн жүрүшүндө Батыровдун күнөөсү далилденгенин билдирген. Ал былтыркы түштүктөгү коогалуу окуялардын уюштуруучусу катары айыпталып жатат.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен 3-майда корутундуну жарыялап жатып "Батыров жикчилдикке чакырып, өзбектер үчүн автономия сураган эмес" деп билдирген болчу. (КЕ)

XS
SM
MD
LG