Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Сентябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Евробиримдик Ливиянын Бенгази шаарында өкүлчүлүгүн ачат


Европа биримдиги Ливиядагы козголоңчуларга жардам берүүнү жеңилдетүү максатында Бенгази шаарында кеңсе ачканы жатат. Бул тууралуу биримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон жарыялады:

- Ливия элине, жарандык коомго, Улуттук өткөөл кеңешке колдообузду уланта берүү үчүн Бенгази шаарына кеңсе ачууга ниеттенүүдөбүз.

Ал аралыкта күбөлөр баш калаа Триполиде бүгүн дээрлик 1 сааттай тынбай жардыруулар угулганын, асманда аскердик учактар учуп жүргөнүн айтышууда. Муаммар Каддафинин өкмөтү билдиргенине караганда, шейшембинин түнүндө НАТОнун соккусунан 4 бала жарадар болду. Мисрата портунда козголоңчулар өкмөттүк аскерлерди артка сүрүп ташташканын жана Зареек шаарчасын кайтарып алышканын ырасташууда.

XS
SM
MD
LG