Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:53

"Ал-Кайиданын" өкүлү америкалыктарга эскертүү жасады


"Ал-Кайиданын" Йемендеги канаты лидери Усама бин Ладендин өлүмү үчүн өч алышаарын эскертүүдө. Насер ал-Вахишинин кайрылуусу исламчыл экстремисттердин интернет сайтында жарык көрдү. Согушкерлердин билдирүүлөрүнө байкоо салган топтун айтымында, ал-Вахиши америкалыктарга кайрылып, "бин Ладендин жок болушу менен эле “бардык маселелер чечилип калат деп күтпөгүлө, эми сазайыңарды беребиз" деп эскерткен. "Ал-Кайиданын" Араб жарым аралындагы бөлүмү активдүү террордук аракеттери менен белгилүү.

Бин Ладен 2-майда АКШ аскерлери тарабынан Пакистандагы үйүндө жок кылынган.

XS
SM
MD
LG