Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Армения Ооганстандагы аскерлерин көбөйтөт


Армениянын парламенти Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн алкагында Ооганстанда кызмат өтөп жаткан аскерлерин дээрлик 3 эсе көбөйтүү сунушун колдоду. 45 жоокерден турган армениялык контингенттин саны эми 145 киши жеткирилет жана миссиянын мандаты 2012-жылдын аягына чейин узартылат.

Армениялык аскерлер 2010-жылдын январь айынан тарта германиялык командачылыктын алдында Кундуз шаарындагы аскерий аэропортту кайтарып келатышат. Коргоо министри Сейран Оханяндын билдиргенине караганда, кошумча аскерлерди жөнөтүү НАТО, Евробиримдик, АКШ жана Германия менен байланыштарды өнүктүрүүгө огожо болуп бермекчи. Армениянын контингенти ошондой эле Косоводо кызмат өтөөдө.

XS
SM
MD
LG