“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борбору «Лидерликти тандайбыз» долбоорунун алкагында демократиялуу коомду курууда, сөз эркиндигинин, жарандык билим берүүнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн, плюралисттик, азаттык коомго жолдогон зор эмгектери үчүн айрым журналисттерди сыйлады. Аталган борбор коомчулукта укуктук аң-сезимдин жогорулашына, жарандык билим берүүнүн өнүгүүсүнө түрткү берүүдө алардын зор эмгектерин баса белгиледи. Журналисттердин арасында “Азаттыктын” кабарчысы Мирлан Токталиев атайын димплом менен сыйланды. (КЕ)