Грецияда бүгүн 24 сааттык жалпы иш таштоо өтүп жатат. Миңдеген киши көчөлөргө чыгып, өкмөттүн бюджетти үндөмдөө планына каршылыгын билдиришти. Афины шаарында жаштар полицияга таш, жардыргыч зат толтурулган бөтөлкөлөрдү ыргытып, тартип коргоочулар аларды таркатуу үчүн жаш агызган газ колдонушту. Иш таштоо Евробиримдик менен Эл аралык валюта корунун делегациясы Афиныда жүргөн маалга туш келди. Былтыр Греция экономикасын куткарып калуу үчүн бул эки уюмдан 110 миллиард евро кредит алган. Бирок эбегейсиз карыздарынан кутулуу үчүн өлкө дагы миллиарддаган каражатка муктаж дешет экономисттер.