Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Москвада 100дөн ашуун футбол фанаттары кармалды


«Лужники» спорт майданында өткөн "Спартак" менен ЦСКА командаларынын беттешүүсүндө 100дөн ашуун киши кармалды. Москва шаардык милиция башкармалыгы оюн маалында спирт ичимдиктерин ичип алгандар жана жардыруучу заттарды стадионго алып кирүүгө аракет кылгандар кармалгандыгын билдирет.

Футболдук мелдешти көрүүгө 36 миңдей күйөрман келди. Мелдеш башталаар алдында Москванын борборунда улутчулдардын эки лидери Дмитрий Демушкин менен Георгий Боровиков «ачык асман алдында» маалымат жыйынын өткөрүүгө аракет көрүп жатканда кармалган.

Москвада айдын 11де полиция коопсуздук чараларын күчөтөт. Анткени бул күнү улутчулдар «Спартак» клубунун күйөрманы Егор Свиридовду эскерүү акциясын өткөрөт.

XS
SM
MD
LG