Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

Токтогулда жер көчкүдө калган бир адамдын сөөгү табылды


Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматкери Абдишарип Бекилов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында көчкү астында калган адамдын аты-жөнү такталды. 1954-жылы туулган маркум Анарбай Шаршеновдун сөөгүн Токтогул районундагы куткаруу кызматындагылар бүгүн эртең менен табышкан. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда кечээ түштөн кийин Бишкек-Ош унаа жолунун 261-чакырымында жер көчтү. Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү жүргөн жерден адамдарды эвакуциялап, окуя болгон жерде тазалоо иштерин жүргүзүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG