Жогорку Кеңеш бүгүн үчүнчү окууда “Сотторду тандай турган кеңеш тууралуу" мыйзамды кабыл алды. Мыйзам долбоорунда жазылгандай аталган кеңеш көз карандысыз болуп, Жогорку жана жергиликтүү сотторду тандоо милдетин алат.
Кеңеш сынак аркылуу иргелип алынган соттордун талапкерлерин президентке сунуштоо укугуна ээ. Кеңеш курамына мүчө адамдар 3 жылга шайланат. Ага мүчөлүккө жарандык коом, сот, парламенттеги көпчүлүк жана оппозициядан өкүлдөр кире алат. Кеңеш мүчөлөрү 30 жаштан ашпоосу жана мамлекеттик кызматта болбошу абзел. Кеңештин толук курамы ЖК тарабынан бекитилмекчи. (EK)