Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Август, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:48

Аксыда сел 20 үйдүн тамаркаларын каптады

Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Суу айылында 12-майга караган түнү жамгыр жаап, колоттордон чогулуп келген сел айылдын жыйырма турак үйүнүн тамаркаларын басып, 2 гектар үлүш жерлерин каптады. Мындан тышкары сел Унаа жана байланыш министрлигинин карамагындагы Топ-Жаңгак - Кыз-Көл унаа жолунун 7-20-чакырымындагы айрым жерлерин каптап кетти. Жол учурда ачык, бирок андан өтүү оорчулукту жаратууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашты. (EK)
XS
SM
MD
LG