Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Сентябрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:48

Ош облусунда “Дени сак улут...” аттуу спартакиада башталат


Ош облусунда “Дени сак улут - өнүгүп жаткан өлкө” аттуу айылдык жаштар арасында облустук спартакиада башталат.

13-май күнү, Ош облусунун аймагында спортту жандандыруу, калкка сергек жашоо образын жайылтуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана жыл сайын болуп өтүүчү «Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө» аттуу жумурияттык спартакиадага Ош облусунун курама командасын тандап алуу максатында, облустун айылдык жаштар арасында «Дени сак улут – өнүгүп жаткан өлкө» аттуу ураандын алдында ордо, курөш, колкүрөш (армрестлинг), тогуз коргоол, волейбол, футбол жана жеңил атлетика боюнча облустук спартакиада башталат.

Спартакиада айылдык округдарда, андан кийин райондордо өтүп, райондук мелдештин жеңүүчүлөрү облустук таймашка катышышат.

Облустук мелдештин жеңүүчүлөрү Республикалык спартакиадага жолдомо алышат.

Эскерте кетүүчү жагдай, облустук спартакиаданы өткөрүү үчүн Ош облустук мамлекеттик администрациясы тарабынан 170 миң (жүз жетимиш миң) акча каражаты бөлүнүп берилди.

Ош мамадминистрациясынын маалымат кызматы.

Канболот Тутуев.
XS
SM
MD
LG