Беларуста сот бүгүн оппозициянын алты тарапкерин былтыр жыл этегинде өкмөткө каршы акцияларга катышканы үчүн түрмөгө кести. Минск шаардык соту аларды былтыр Александр Лукашенконун президенттик шайлоодо кайра жеңгенине нааразы болуп, 19-декабрда мыйзамсыз демонстрацияга катышкан деп тапты. Эң узак жаза мөөнөтү үч жарым жылды түздү. Ал арада оппозициянын 20 тарапкери өлкөдө башаламандыкты жаратууга аракет кылган деп табылып, түрмөгө жатат.