Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

Хосни Мубарак аялы менен ооруканада сурак берүүдө


Египеттин Юстиция министрлигинин тергөөчүлөрү экс-президент Мубарак, анын жубайы Сюзан Сабитти "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген негизде суракка алууда. Бул тууралуу египеттик маалымат каражаттары кабарлайт.

Мурдагы президенттик үй-бүлө Мубарак дарыланып жаткан Шарм-эш-Шейх шаарындагы эл аралык госпиталда сурак берүүдө.

3-майда Египет башкы прокуратурасынын тергөөчүлөрү сурак жүргүзүп жаткан маалда экс-президент эс-учун жоготкон.

Мубарак өзүнө коюлган айыптарды толугу менен четке каккандыктан аны камакта кармоо 15 күнгө узартылган. Дарыгерлер мурдагы өлкө башчынын саламаттыгы оңолгондо кайра суракка алууга уруксат беришти.

XS
SM
MD
LG