Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

AI: Кыргызстанда адам укуктарынын абалы начарлаганы байкалат


Эл аралык Мунапыс уюму (Amnesty International) адам укуктары боюнча жылдык глобалдык баяндамасын жарыялап, анда Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада эркиндикке жана адилеттикке умтулган көрүнүштөргө басым жасалат. Баяндамада социалдык медианын өнүгүшү адам укуктарынын абалын өзгөртүүгө болуп көрбөгөндөй таасир этип жатканы айтылат.

Араб чөлкөмүндөгү диктаторлор өз бийлигин сактап калуу үчүн элдик көтөрүлүшчүлөрдү Ливия, Сирия, Бахрейн жана Йемендегидей уруп-согуп, кыйнап, жок кылып жаткандыгы эскертилет.

Бүгүн жарык көргөн докладда Ооганстан, Кытай, Орусия, Түркия жана Өзбекстанда адам укугун коргоочулардын өмүрү кооптуу болуп, абакка түшүп, кыйноо тартып же өлтүрүлүп жатканы белгиленет.

Ошондой эле Украина, Беларус, Кыргызстан жана согуштан кийинки Ирак, Түндүк Кавказда адам укуктарынын абалы солгундап баратканы айтылат.

Адам укуктары боюнча эң көлөмдүү баяндамада 157 мамлекеттеги сөз эркиндиги, абийир туткундарынын жагдайы, адилетсиз сот иштери, кыйноо жана зордук-зомбулук фактылары баса белгиленет.

XS
SM
MD
LG