Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат


Кыргыз турак-жай коммуналдык биримдиктин жумушчулары өкмөт үйүнүн алдына нааразылык акциясына чыгышты. Аталган мамлекеттик кызматтын сатып алуу бөлүмүнүн кызматкери Эркин Дүйшөбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, кечээ коммуналдык биримдиктин жетекчиси Кеңешбай Молдобаев иштөө келишими узартылган эмес деген жүйө менен кызматтан алынган. Дүйшөбаев буга нааразы болгон жумушчулар өлкөнүн бардык региондорунан келип жатканын маалымдады.

Ушул тапта Өкмөт үйүнүн алдында 500гө чукул киши чогулганы кабарланууда. Өкмөт тараптан аларга жооп боло элек. (AzK)

XS
SM
MD
LG