Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Төрага коогалаңда жабыркагандардын жакындарын кабыл алды


Жогорку Кеңештин төрагасы Акматбек Келдибеков менен жолугушууда жабыркагандардын жакындары прокуратура, тергөө жана сот органдарынын өкүлдөрү кылмыш иштерин мыйзамдарды бузуу менен карап жаткандыгын айтышты.

Жолугушууга келгендер июнь коогалаңын иликтеген эл аралык комиссиянын корутундусуна нааразылыгын билдирип, коогалаңда майып болуп калган жарандар жеңилдетилген медициналык тейлөөгө муктаж экендигин айтышты.

Төрага Акматбек Келдибеков депутаттык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгы менен материалдар тартип коргоо органдарына жөнөтүлөрүн билдирди. Ал УКМКнын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевге, ички иштер министринин биринчи орун басары Мелис Турганбаевге, Жогорку Соттун өкүлдөрүнө жана Башкы прокуратурага кайрылып, кылмыш иштерин кылдаттык менен иликтөөнү, прокуратуранын, тергөө жана сот органдарынын өкүлдөрүнүн мыйзамга каршы келген аракеттери боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүнү өтүндү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы кабарлады. (AzK)

XS
SM
MD
LG