Парламенттин отурумунда “Баткен облусунун аймагында жайгашкан жана “Өзбекнефтегаз” улуттук холдинг компаниясы тарабынан иштетилип жаткан “Түндүк Сох” жер алдындагы газ сактагычы, “Түндүк Сох” жана “Чоң-Кара-Галча” газ-мунай кендери чыккан жерин Кыргызстандын юрисдикциясына кайтарып берүү жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтом долбоору каралды.
Аталган маселе боюнча вице-премьер-министр Шамил Атаханов баяндама жасады. "Биздин оюбузча Сох анклавындагы газ сактагычтарды пайдалануу эки тараптан биргелешкен ишкана түзүү жолу менен мүмкүн. Сунуш талкуу этабына өттү. Бул боюнча өзбек тарап менен далилдүү сүйлөшүүлөр жакшы жыйынтыктарды берет. Бул маселе олуттуу изилдөөнү талап кылат",-деди Атаханов.
Жыйында төрага Акматбек Келдибеков өкмөт өзбек тарап менен негиздүү сүйлөшүүнү жүргүзүү үчүн токтом долбоорун кабыл алууну сунуштады. Депутаттар сунушка макул болушуп, токтом долбоорун кабыл алышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. (AzK)