Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Экс-президент Мубарактын аялы 15 күнгө камалды


Египеттин MENA жаңылыктар агенттиги мурдагы президент Хосни Мубарактын аялы Сюзан Мубарак 15 күнгө камакка алынганын 13-майда билдирди. Бир күн мурда Египет өкмөтү Мубарак жана аялы мыйзамсыз топтогон мал-мүлктөрү боюнча сурак бергенин кабарлаган эле. Азырынча Сюзан айым кайсы абак жайда кармалары белгисиз. 82 жаштагы Хосни Мубарак өзү Шарм аш-Шейх курортунда ооруканада жатат. Экс-президентти буга чейин тергөөчүлөр бир нече жолу суракка алган болчу. 30 жыл өлкөнү башкарган Хосни Мубарак февралдагы элдик толкундоонун натыйжасында президенттиктен кетирилген.

XS
SM
MD
LG