Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Ысык-Көл: Амандыкка милиционерлер жамандык кылган деп жатышат


13-майда Ак-Суу районундагы Боз-Булуң айлынын 65 тургуну Ысык-Көл облустук администрациясынын алдына адилеттик талап кылып, нааразылыкка чыгышты. Кабарчыбыз Мария Колесникованын Караколдон билдиришинче, алар 36 жаштагы Амандык Дөөталиевди сабап өлтүрдү деп шектелген үч милиционерди жоопко тартууну талап кылышты. Милиционерлер алты баланын атасы Дөөталиевди кечинде колун бурап, күчтөп үйүнөн алып кеткенден мурда алардын арак ичип, мас болгондорун көргөн адамдар бар экенинин бозбулуңдуктар ырасташууда. Маркумдун атасынын сөзүнчө, милиционерлер аны уулу менен кошо Боз-Булуңдан 7 чакырымдай алыстагы Тегизчил айлына алып барган соң, орой сөз сүйлөп, койо беришкен.
Дөөталиев милиционерлер коё бергенден сегиз сааттан кийин каза тапкан деп айтылууда. Чогулган эл облус губернаторунун орун басары бул каргаша калыс териштирилет деп сөз бергенден кийин тарашты.

XS
SM
MD
LG