Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратында өрт чыкты


Аталган кызматка караштуу мамлекеттик автоинспекциясынын каттоо жана сыноо бөлүмүндөгү 50 чарчы метр аянт өрттөнүп, архивдеги иш кагаздары күйүп кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кабарларга караганда, өрт таңкы саат 5те башталып, аталган министрликтин өрт өчүрүүчүлөрү жана Куткаруу кызматынын жардамы менен 1 сааттан кийин өчүрүлгөн. Адистердин божомолуна ылайык, өрткө жарылуу себеп болгон. Басма сөз кызматынын маалымдашынча, өрт учурунда жабыркагандар болгон эмес. (KR)

XS
SM
MD
LG