Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:13

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада 4-орунду ээледи


Оштогу кыргыз-түрк лицейинде билим алган 11-класстын окуучулары Нурбек Сакиев менен Темирлан Акунбеков АКШда өткөн химия боюнча эл аралык олимпиадада 70 өлкөнүн ичинен төртүнчү орунду ээлешти.

Бир аптага созулган олимпиадага 600 окуучу катышкан. Окуучулар “Туруктуу өнүгүү” аттуу багыттагы долбоорлорун жактап, күч сынашкан. Сынакта Нурбек Сакиев менен Темирлан Акунбековдун “Тамак-аш калдыктарынан биодизелди иштеп чыгаруу” деп аталган долбоору калыстар тобу тарабынан мыкты деп табылган.

I-SWEEP уюму уюштурган олимпиада Техас штатынын Хьюстон шаарында өткөн. Кыргызстан мындай олимпиадага алгачкы жолу катышты. (KR)

XS
SM
MD
LG