Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:51

НАТО Ливиядагы чабуулунда карапайыл адамдар да өлгөнүн тастыктабайт


Мунайга бай Брега портундагы абадан урулган соккуларында НАТО жөнөкөй тургандарды да өлтүрүп алганы тууралуу кабарды ырастай албай турганын айтты. Бирок куралсыз эл ичинде жоготуулар болсо, терең өкүнүч билдирээрин кошумчалады. Кечээ альянстын күчтөрү ал шаарда бир имаратка абадан чабуул коюшкан эле. Имаратты аскерлердин көзөмөл борбору деп эсептешкен. Ливиянын өкмөтү болсо ал жерде эл тынчтык үчүн сыйынганы, намаз окуганы чогулганын, өлгөндөрдүн арасында 11 молдо жана башка куралсыз адамдар болгонун билдирди. Ал арада өлкөнүн лидери Муаммар Каддафи “азыр ал НАТОнун соккусу жетпей турган жайда” экенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG