Бул тууралуу кечээ Вашингтондо президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Том Донилон Ливиянын оппозициясынын лидерлеринин бири Махмуд Жибрил менен жолугушууда айтты. Бирок Донилон ливиялык оппозициянын Улуттук Өткөөл Кеңешин “Ливия боюнча сүйлөшүү жүргүзгөнгө ишенимдүү жана легитимдүү тарап” деп атады. Ал арада Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Луи Морено-Окампо дүйшөмбүдө Ливиянын өкмөтүндөгү үч кишини “адамгерчиликке каршы кылмышы” үчүн камакка алуу тууралуу чечим чыгартырганга аракет кылаарын айтты. Бирок ал кимдер жөнүндө сүйлөгөнүн ачыктаган жок.