Бүгүн Минсктеги райондук сот былтыр президенттик шайлоодон кийин өлкөдө массалык башаламандыкты уюштурган деген айып менен оппозициянын лидерлеринин бири, президенттикке ат салышкан мурдагы талапкер Андрей Санникауну беш жылга түрмөгө кести. Айыптоочу соттон оппозиционерди жети жылга эркинен ажыратууну сураган. Былтыр декабрда өткөн президенттик шайлоодон кийинки массалык демонстрациялар үчүн Беларуста ондон ашуун киши төрт жылга чейинки мөөнөт менен абакка отургузулган.