Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:55

Аба ырайы


Синоптиктердин маалыматы боюнча, 16-майда дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт, Чүй, Талас, Ысык-Көл областтарынын айрым тоо этектеринде жана тоолуу райондордо гана кыска мөөнөттө жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 14 метрге, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 26...31, Талас облусунда түнкүсүн 12...17, күндүз 25...30, Баткен облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 26...31, Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19...24, күндүз 26....31, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 20...25 градус жылуу болот. Тоолордо түнкүсүн ...-3...+5, күндүз 5...10 градус жылуу болот.

17-майда айрым жерлерде кыска мөөнөттүү жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. 18-19-майда абанын температурасы төмөндөйт. (EK)

XS
SM
MD
LG