Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:53

Бишкек ишкер клубу президентке кайрылуу жолдоду


Менчикке болгон укуктун корголушуна көзөмөл салуу үчүн түзүлгөн комиссия иштебей жатат. Мындай нааразылык камтылган кайрылуу Бишкек ишкер клубунун мүчөлөрүнүн атынан президент Роза Отунбаева жана жана өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин дарегине жолдонду. Эске салсак, бул комиссия өкмөттүн буйругу менен 2010-жылдын декабрь айында түптөлүп, комиссия курамына бизнес коомчулуктан да өкүлдөр киришкен. Буга чейин комиссия бир да жолу жыйынга чогулбай, эксперттик топ түзүлгөн эмес. БИК Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов жана экономиканы тескөө министри Учкун Ташбаевге комиссиянын иш-планын 2011-жылдын январь айында эле жолдогон. Бирок азырынча андан эч жооп болбой келет. Мына ушуларды жүйөө кармап БИК бул комиссия чындап түзүлгөнбү деп суроо салат. (EK)

XS
SM
MD
LG