Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:46

Апрель сотунда жабырлануучулар көрсөтмө берүүнү улантат


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн апрель окуясы боюнча соттук териштирүү уланып, анда жабырлануучулар көрсөтмө беришмекчи. Маалыматка ылайык, апрель окуясы боюнча жалпы 300дөн ашык жабырлануучу болсо, ушул тапта алардын 43ү көрсөтмө бергенге жетишти.

2010-жылдын 7-апрелинде өкмөт үйүнүн жанындагы ок атууларга байланыштуу мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары баштаган жалпы жыйырмадан ашык атка минер айыпталып жатат. Соттук ишти Бишкек гарнизондук аскер сотунун судьясы Дамир Оңолбеков жетектеген соттук коллегия териштирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG