Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:33

Байболов депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен макул эмес


Мурдагы баш прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов өзү апрелдин башында парламентте билдирген маалыматтарды тактоо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынтыгы менен макул эместигин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, комиссиянын жыйынтыгы шашылыш чыгарылып калган. “Бүткүл мамлекеттик мүмкүнчүлүктөрдү мобилизациялоо жолу менен мени жок кылуунун саясаты жүрүп жатат”, - деди Кубатбек Байболов.

Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссия өткөн ишемби күнү корутундусун чыгарган. Анда биринчи вице-премьер Өмүрбек Бабановдун мамлекетке 730 млн. сом салыкты төлөбөй койгону, ишкер Валерий Хондун мүлкүн тартып алганы, “Альфа телеком” компаниясын рейдерлик жол менен тартып алуу аракети жана орус инвесторлорунан 50 млн. доллар сураганы жөнүндөгү маалыматтар ырасталган жок деп белгиленген. Ошол эле учурда Кубатбек Байболовдун аракеттери Башкы прокуратура тарабынан текшерилиши керектиги жазылган.

Март айынын акырында Кубатбек Байболов “Мегакомго” байланыштуу чуулгандуу иштердин калыс иликтениши үчүн деген жүйөөнүн негизинде президенттин жардыгы менен кызматтан алынган. Апрель айынын башында Байболов парламентте сөз сүйлөп, вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттин комитеттин жетекчилигинин дарегине жана бир катар маселелерге байланыштуу дооматтарын билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG