Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:34

Өмүрбек Бабанов бүгүндөн тарта кызматка чыгууга тийиш


Бул тууралуу өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязовдун “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, биринчи вице премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бир айлык кызматтан убактылуу четтөө мөөнөтү бүттү. Премьер-министр тарабынан башка эч кандай чечим кабыл алынбагандан кийин Бабанов бүгүнтөн тарта кызматын улантууга тийиш.

Биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов “Мегаком” компаниясына байланыштуу ага коюлган дооматтарды депутаттык комиссиялар иликтеп чыкканча 14-апрелде убактылуу кызматтан чегинген.

Апрель айынын башында мурдагы башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболовдун Бабановго карата жана бир катар маселелер боюнча парламентте айткан дооматтарын иликтеген депутаттык комиссия ишемби күнү корутундусун чыгарган. Социал-демократтар фракциясынан депутат Токтогул Туманов жетектеген бул комиссия Бабановго тийиштүү айыптоолор далил таппаганын билдирген. Ал эми “ата мекенчи” депутат Өмүрбек Абдрахманов башында турган комиссия болсо корутундусун чыгара элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG