Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:39

Бишкекте таттуу саткан дүкөндөр текшерилет

20-майга дейре Бишкекте кондитердик азыктарды саткан соода түйүндөрү текшерилээрин Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Азырынча мындай текшерүүлөргө эмне себеп болгону ачыктала элек. Бирок буга чейин казакстандык “Рахат” кондитердик фабрикасынын шоколаддарынан ичеги-карын жугуштуу ооруларынын таякчалары табылган. Андан соң Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан “Каракум” жана “Фруктовый грильяж” шоколаддары сатыктан алынган. Акыркы кезде сатып алуучулар арасында жасалма кытай камыр ачыткыларынын сапатынан шек санап, арыздангандар көбөйүүдө. (EK)
XS
SM
MD
LG