Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:44

Бакир уулу Акыйкатчыны абактагылардан акча алган деп айыптап чыкты


“Акыйкатчы Турсунбек Акун абактагы Адина Турдубаева аттуу айымдан “түрмөдөн чыгарам” деп сегиз миң АКШ долларын алган.”- деп “Ар-намыс” фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” билдирди. Депутат абактагы айымдын бул тууралуу катын жума күнү Жогорку Кеңеш төрагасы Ахматбек Келдибековго тапшырганын кошумчалады.

Акыйкатчы Турсунбек Акун депутаттын мындай айыптоосун четке кагып, шылуунчулук үчүн айыпталып жаткан абактагы “Азия-Курулуш” компаниясынын мурунку жетекчиси Адина Турдубаевага жардам бергенин, бирок бул үчүн акча албагындыгын “Азаттыкка” билдирди.

Турсунбай Бакир уулунун “негизи жок финансылык айыптоолорунан улам 3 жолу сотто утушка ээ болгонун” белгилеген Акыйкатчы бул айыптоолор боюнча да сот органдарына кайрыларын айтты. (EK)

XS
SM
MD
LG