Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Июнь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Пакистан: саудиялык дипломат өлтүрүлдү

Карачи шаарында Сауд Арапстандын дипломатын өлтүрүшкөнүн "ал-Кайида" менен байланыштагы талип козголоңчу "Рейтер" агенттигине телефон аркылуу айтып, "америкалыктар "ал-Кайидага" тийишкенин токтотмоюнча мындай чабуул улана берерин" билдирген.

Бүгүн эртең менен мотоцикл минген адам дипломаттын унаасына ок чыгарып, натыйжада Карачидеги саудиялык консулдуктун кызматкери Хассан ал-Кахтани көз жумган.

Эки күн мурда Сауб Арапстандын консулдугуна эки канаттуу граната ыргытылып, эч ким жабыркаган эмес.
XS
SM
MD
LG