Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

ICC: Каддафини камакка алуу чечими күтүлөт


Прокурор Луис Морено Окампо Эл аралык кылмыш сотунан Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин уулу Сайиф ал-Исламга жана Ливиянын чалгын кызматынын жетекчиси Абдуллах ал-Саноусиге да козголоңчуларды зомбулук менен басуу аракеттери үчүн камакка алуу чечимин чыгарууну суранды.

Гаагада өткөн маалымат жыйында Морено Окампо Каддафи карапайым адамдарды атайын бутага алууга буйрук бергенине "айкын далил" бардыгын айтты:

"Муаммар Каддафи жеке өзү куралсыз карапайымдарга чабуул коюуга буйрук берген. Ага баш ийген күчтөр ливиялыктардын үйлөрүн бутага алып, чогулгандарды октор менен аткылап, сөөк коюу, намаз маалында оор курал-жарак менен элди атышкан".

Британ тышкы иштер министри Уиллям Хейг мындай билдирүүнү кубаттап, эл аралык коомчулукту соттун чечимин "толугу менен колдоого" чакырды.

Феврал айында Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Луис Морено Окампого Ливиядагы согуш кылмыштарын иликтеп, атайын билдирүү жасоону тапшырган.

XS
SM
MD
LG