Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:53

Ажылык үчүн 4 миң 500 виза бөлүндү


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештеги билим берүү, маалымат жана диний саясат боюнча комитетинде “Ар-Намыс” фракциясынан депутат Каныбек Осмоналиев билдирди. Анын айтымында, жакында эле Кыргызстан диний башкармалыгынан жана Дин иштери боюнча мамкомиссиядан эксперттер зыярат кылуунун жол-жоболорун сүйлөшүү үчүн Сауд Арабиясына жөнөп кетишти. Дин иштери боюнча мамкомиссия жетекчиси Ормон Шаршенов Мекеге зыярат кылуу үчүн түзүлгөн келишимге эксперт Юсуф Балтабаев кол койгонун билдирди. Депутат Каныбек Осмоналиев парламенттеги өкмөт өкүлүнө эл аралык келишимдерге катардагы эксперт кол коюшу канчалык жөндүү экендиги тууралуу маселени чечүүнү суранды. Бүгүн аталган комитетте диний уюмдар жана дин тутуу эркиндиги тууралуу мыйзам боюнча талкуу өтүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG