Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

Москвадагы өрттөн төрт кыргызстандык жабыркады


Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалыматына караганда Москванын борбордук көчөлөрдүн бири – Большой Афанасьевскийдеги турак үйлөрдүн биринде бүгүн танда өрт чыккан. Анда жарат алгандардын катарында 3 жана 6 жаштагы Мээриниса, Эмир Айтназаровдор, 33 жаштагы Нурайым Алманбетова жана 19 жаштагы Баатырбек Мазаматис уулу бар. Маалыматка караганда жарат алгандар бейтапканага жеткирилди. Учурда өрттүн чыгыш себептери иликтенип жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG