Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Текебаев “Ата Мекендин” Оштогу уюму боюнча түшүндүрмө берди


“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев аталган партиянын Ош облусундагы Кара-Cуу райондук уюмунан кимдин чыгып жатканы тууралуу так маалыматы жоктугун, ал уюмдун мүчөлөрү миңге жетпей турганын “Азаттыкка” билдирди. “Төлөгөн Келдибаев чыгам деп жүргөнүн билем. Анын чыккан-чыкпаганы мага белгисиз. Ал арыз менен чыгат да. Анан ошончо адам партиянын мүчөсү болбосо, мүчөлүктөн ким чыкмак эле”, - деди Текебаев.

Буга чейин партиянын Кара-Суу райондук уюму өзүн-өзү таркатканы кабарланган. Анда партиядан чыккан Төлөгөн Келдибаев башында турган миңден ашуун адам жаңы уюшула турган партияга кирээри айтылган.

XS
SM
MD
LG