Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:14

Иран БУУнун шектенүүсүн четке какты


Иран өзүнүн Түндүк Корея менен ракеталык технология боюнча кызматташтыгы жөнүндөгү БУУнун баяндамасындагы шектенүүнү четке какты. Баяндамада эл аралык тыюу салууларга карабай, Пхеньян менен Тегеран баллистикалык ракеталарды өндүрүүгө байланышкан технологияларды алмашкан деп айтылат. Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү өлкө тыштан жардамсыз эле ракеталарды иштеп чыгууга жөндөмдүү деп билдирди.
Баяндамада тетиктерди алмашуу Кытайдын ортомчулугу аркылуу жүргөн деп белгиленген. Кытай буга тикелей жооп кайтарган жок, бирок, бардык эл аралык чектөөлөрдү тааныйт деп билдирди.

XS
SM
MD
LG