Бээжинде сапарда жүргөн Пакистан премьер-министри Юсуф Реза Гилани бүгүн Кытай өкмөт башчысы Вен Цзябао менен кездешти. Эки жак Пакистандын жез жана алтын кендери боюнча долбоорду улантуу боюнча келишимге кол койот жана коргонуу келишимин талкуулайт деп болжолдонууда.
Гилани Бээжинге Пакистан-АКШ мамилеси "ал-Кайида" лидери Усама бин Ладен жок кылынгандан соң осолдоп турган кезге туш келүүдө. Талдоочулар Исламабад учурдан пайдаланып, Бээжин менен алакасын бекемдеп алууну көздөп жатканын белгилешет.
Гилани сапарга чыгар алдында Кытайдын өкмөттүк "Синхуа" агенттигине курган маегинде "Пакистан Кытайдай мыкты жана ишенимдүү досу бар экенине сыймыктанганын" айткан.