Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

Обама: Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу өтө актуалдуу


Барак Обаманын айтышынча, Жакынкы Чыгыштагы азыркы катаал саясый кырдаал Израил-Палестина ортосундагы тынчтык сүйлөшүүсүн “мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу кылды”.

АКШ президенти 17-майда Вашингтондо Иордан падышасы Абдулла II менен болгон кездешүүдө Израил-Палестин сүйлөшүүлөрүн кайра жандандыруу зарыл экенине көңүл бурду. Сүйлөшүү, Обаманын сөзүнчө, эки өлкөнүн тынчтыкта жашоосуна алып баруу керек:

- Эчен түркүн өзгөрүүлөргө карабай же региондо болгон көптөгөн өзгөрүүлөргө байланыштуу израилдиктер менен палестиндер үчүн чогуу отуруп, сүйлөшүүнү баштаганы мурда болуп көрбөгөндөй маанилүү. Натыйжада алар тынчтыкта жана коопсуздукта коюн-колтук жашаган эки мамлекетти түзө алышат.

Палестин-Израил ортосундагы тынчтык сүйлөшүүсү Израил былтыр Батыш Иорданда жөөт конуштарын кеңейте баштагандан улам токтоп калган.

XS
SM
MD
LG