Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Алматыда уурдалган банкирлердин сөөгү табылды


Казакстандын баш прокурору төрт жыл мурда жоголгон эки банкирдин сөөгү 13-майда Алматыда табылганын билдирди. “Нурбанктын” жетекчилери Жолдас Тимралиев жана Айбар Касенов президент Назарбаевдин мурдагы күйөө баласы, азыр Австрияда бозгун болуп жүргөн Рахат Алиев менен араздашып кеткенден кийин дайынсыз жоголушкан. Алар 2007-жылы январда “Нурбанктын” Алматыдагы баш кеңсесинен уурдалып кеткени айтылып жүргөн. Эми табылган жасаттарды медициналык экспертиза тастыктоого тийиш. Казакстан бул ишке байланыштуу Рахат Алиевди Австриядан экстрадициялап ала албай жүрөт.

XS
SM
MD
LG