Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:16

АКШ: Стросс-Кан МВФтин төрагасы боло албайт


Доминик Стросс-Кан "аял зордуктоого аракет кылды" деп күнөөлөнүп жаткандыктан анын “Эл аралык валюта кору - МВФти жетектөөгө акысы жок”. Мындай билдирүүнү АКШнын финансы министри Тимоти Гайтнер 17-майда жасады. МВФтин төрагасы Стросс-Кан азыр соттук угууларды күтүп Нью-Йоркто абакта отурат. Гайтнердин сөзүнчө, МВФтин 24 адамдан турган директорлор кеңеши ырасмий түрдө банктын убактылуу башчысын дайындоо керек. АКШ өкмөтү буга чейин Строс-Кандын иши боюнча өз көз карашын билдире элек болчу.

Стросс-Кан 14-майда камакка алынгандан тарта эл аралык банктын аткаруучу директорунун милдетин Жон Липски аткарууда.

XS
SM
MD
LG