Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:18

Британ падышасы Дублинге тарыхый сапарга келди


Британиянын падышасы Елизабет Ирландияда тарыхый сапар менен жүрөт. Елизабет падыша 1921-жылы Ирландия Британиядан күнкорсуздук алгандан бери Дублинге келген биринчи британ монархы. Падышанын жана анын күйөөсү, принц Филиптин коопсуздугун Ирландиянын 8,5 миң полициячысы камсыздоодо. Улутчулдар "Британ падышасынын аягы ирланд жерин баспаш керек" деп, бомба чабуулуна барарын эскертишкен. Ирланд полициясынын билдиришинче, аскерлер шейшембиге караган түнү Дублиндин четинде колдо жасалган бомбаны иштен чыгарды. Бомба коюлган жайды белгисиз адам телефон чалып айтып берген.

XS
SM
MD
LG