Жогорку Кеңештин Коргонуу жана коопсуздук комитети Бишкекте курулары айтылган биологиялык лабораториянын тегерегиндеги маселелерди бүгүн талкууга алат. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Бул талкууга Айыл чарба, Саламаттыкты сактоо министрликтеринин, Бишкек шаар кеңешинин өкүлдөрү, Илимдер академиясынын адистери катышат. Анын жүрүшүндө биологиялык лабораториянын курулушу боюнча Улуттук агрардык университеттин ректору, Биолаборатория куруу боюнча долбоордун координатору Рысбек Нургазиев маалымат берет.
Улуттук биологиялык лаборатория куруу аракети Канада өкмөтүнүн Глобалдык өнөктөштүк программасынын алкагында ишке ашырылууда. Бул лабораториянын курулушун 2011-жылы баштап, 2013-жылы бүткөрүү пландалууда.
Долбоорго ылайык, лаборатория Бишкектеги Ботаникалык бактын аймагында жайгашууга тийиш болчу. Бирок жакында өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев лабораторияны куруу боюнча башка жер караштырууну тиешелүү министрлик, мекемелерге тапшырган. Бир катар жарандык коомдун өкүлдөрү бул лабораториянын курулушуна каршылыгын билдирип келишет. (KKs)