Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:43

ЕККУ Борбор Азия журналисттерин туура мамилеге үйрөтүүдө


18-20-май күндөрү Бишкектеги ЕККУ кеңсеси ММК менен мамлекеттик органдар өкүлдөрү ортосундагы мамилени жөндөө жана маалыматка жол табуу боюнча журналисттер үчүн окуу уюштуруп жатат. Тренингге ЕККУнун жергиликтүү маалымат каражаттары боюнча өкүлү Дунья Миятович жетекчилик кылууда. Окуулар Борбор Азиянын деңгээлинде уюштурулуп, ага Казакстан менен Тажикстандан журналисттер катышууда. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги борборунан билдиришти.

Медиа жаатындагы эксперттер Кыргызстанда мамлекеттик кызматтагы адамдар ММК өкүлдөрүнө оңой менен маалымат бөлүшпөөрүн белгилешет. (EK)

XS
SM
MD
LG