Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Ташиев: жетекчилердин туугандары Ак үйдөн алыс болсун


“Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев "Президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасы жана премьер-министрдин туугандары тууралуу" мыйзам долбоорун бүгүн фракция жыйынына алып чыкты. Мыйзам долбооруна ылайык, өлкөдөгү жогорку кызматтарды ээлегендердин туугандары мамлекеттик кызмат орундарына келбеши зарыл. Долбоорго ылайык, алар мамлекетке караштуу акциялар пакетин кармап, акционердик коомдорду жана каржылык компанияларды жетектей албайт.

Мыйзам долбоорунда президенттин, Жогорку Кеңештин төрагасы жана премьер-министрдин туугандарына сот органдарынын ишине кийлигишип, депутаттыкка ат салышуусуна, мамлекеттик сыйлыктарды алуусуна да тыюу салынат. Ташиев бул мыйзам долбоорун “Республика” фракциясы да колдоп жатканын билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG