Кабарларга караганда, “ал-Кайида” өзүнүн утурумдук лидери катары теги боюнча египеттик согушкер Саиф ал-Аделди дайындаган. “Ал-Кайида” анын негиздөөчүсү Усама бин Ладен АКШнын атайын күчтөрүнүн 2-майда Пакистандагы операциясы учурунда жок кылынгандан бери башчысы жок калган эле.
Египет армиясынын мурдагы полковниги ал-Адел Мухаммад Ибрахим Маккауи деген ысым менен да белгилүү. Ал 1980-жылдары Ооганстанда согушкан. 2001-жылы Иранга өтүп, былтыр “ал-Кайиданын” операцияларына катышуу үчүн Пакистанга келгенге чейин тогуз жыл үй камагында отурган. АКШнын Африкадагы элчиликтеринде 1998-жылы жасалган жардырууларга тиешеси бар деген шек менен АКШ ага айып койгон.