Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Индия жана Өзбекстан стратегиялык өнөктөш болот


Эки өлкө өз ара алакасын узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктүштүк деңгээлине көтөрүүнү бүгүн макулдашты. Бул тууралуу Индия премьер-министри Манмохан Сингх менен өзбек президенти Ислам Каримовдун Нью-Делидеги сүйлөшүүлөрүнүн соңунан кабыл алынган билдирүүдө белгиленет. Анда көргөзүлгөндөй, өзбек президентинин иш сапары учурунда эки өлкөнүн өкмөтү жана ишкерлери ортосунда 34 макулдашуу түзүлдү. Ал макулдашууларга ылайык, тараптар мунай, газ, фармацевтика, текстиль, банк жана туризм тармагында кызматташат.

XS
SM
MD
LG