Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Казак банкы Британиядан мурдагы башчысын камоону суранды


БТА банктын азыркы башчысы Анвар Сайденовдун билдиргенине караганда, алар банктын мурдагы жетекчиси Мухтар Аблязовду камакка алуу өтүнүчү менен Англиянын сотуна кайрылды. Учурда Британияда жашаган Мухтар Аблязов мекенинде банктын каражаттарын уурдаган деп айыпталууда. Азыркы жетекчилик ал банкка 4 миллиард доллардан ашуун зыян келтирген деп эсептейт. БТА банкты өлкөдөгү жеке менчик банктардын эң ириси болуп турган кезде башкарган Мухтар Аблязов мындай дооматтарды четке кагып келет. Ал казак бийликтери менен чатакташкандан кийин 2009-жылы Лондонго качууга аргасыз болгон. Мунун артынан БТА банк улутташтырылган.

XS
SM
MD
LG